Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:29

Үч округдан жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңеште ант беришти


Бактияр Калпаев. Илимбек Кубанычбек уулу жана Бекмурза Эргешов.
Бактияр Калпаев. Илимбек Кубанычбек уулу жана Бекмурза Эргешов.

Жогорку Кеңешке бир мандаттуу Баткен, Ош жана Жалал-Абад округдарынан шайланып келген үч депутат – Бактияр Калпаев, Бекмурза Эргешов жана Илимбек Кубанычбек уулу 8-майдагы парламент жыйынында ант беришти.

Алар үчөө тең парламенттеги "Мекенчил" депутаттык тобуна кошулганын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-апрелдеги бир мандаттуу үч округда өткөн шайлоонун жыйынтыгын 7-майда расмий жарыялаган.

Боршайком 26-апрелде Ош округу боюнча талапкер болгон Бекмурза Эргешовдун каттоосун жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. Эргешов бул боюнча Бишкектин административдик сотуна даттанып, 27-апрелде сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп таап, талапкердин шайлоого катышуусуна уруксат берген.

Бул үч округда тең кайра шайлоо Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимовдун жакын адамдары делген мурдагы депутаттар - Искендер Матраимов, Айбек Осмонов жана Нурлан Ражабалиев депутаттык мандаттарын тапшыргандан кийин өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG