Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:18

Кемпир-Абад иши: абактагы Кеңешбек Дүйшөбаевдин абалы начарлаганы айтылды


Кеңешбек Дүйшөбаев. Архив
Кеңешбек Дүйшөбаев. Архив

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жактан саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаевдин абалы начарлаганы айтылды. Бул тууралуу Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар 8-майда кайрылуу жолдоп, анда Дүйшөбаевди Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери күч колдонуу менен сотко алып келишкенин жазышкан.

“Жыйынтыгында сотто Кеңешбек Дүйшөбаевдин кан басымы 180/90го көтөрүлүп, кант деңгээлинин көрсөткүчү 13,7ге чыгып ооруп жатып калды. Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери эки саат бою анын оор абалда жатканына карабай “Тез жардам” чакырышкан жок. Соттун түрмөсүндө жардам көрсөтүлбөй жатты”, - деп жазылган кайрылууда.

Алар муну кыйноо деп баалап, буга Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиевди айыпташкан.

Кемпир-Абад иши боюнча 8-майдагы отурумда абактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовдун абалы начарлаганын анын адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди.

"Учурда эки "Тез жардам" кызматы келип, Дүйшөбаев менен Молдокматовду карап жатат. Молдокматовдун кан басымы 180ге көтөрүлүп кетти. Ал абакта ооруп жаткан. Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери аны күчкө салып эле сотко алып келишти", - деди адвокат.

Жаза аткаруу кызматы бул кайрылуу жана адвокат Турдалиевдин айткандары боюнча комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG