Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:05

Президент Жапаров Орусияга иш сапары менен кетти


Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мааракелик саммитине катышуу үчүн бүгүн, 7-майда Москвага учуп кетти.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына катышат.

Кыргыз делегациясынын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бар.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылы 9-майда да бир нече президенттердин катарында Москвада аскердик парадга катышып келген.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы майданда курман болгон.

Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 79 жыл толот.

Садыр Жапаровдун бул жолку иш сапары Владимир Путиндин Орусияда бешинчи президенттик мөөнөткө киришкен инаугурациясына туш келүүдө. 7-майда Кремлде уюштурулган иш-чарага бардык чет мамлекеттердин Орусиядагы өкүлдөрү чакырылган, бирок Батыштын көпчүлүк өлкөлөрү – АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин дээрлик баары ага катышуудан баш тартты.

Европадан Франциянын, Венгриянын, Словакиянын, Грекиянын, Мальтанын жана Кипрдин гана өкүлдөрү барганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматы жазды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG