Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Экономика министрлиги оюн автоматтарын оюн-зоок ишкердигинин катарынан чыгарууну сунуштады


Оюн автоматтары. Иллюстрациялык сүрөт.
Оюн автоматтары. Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги Министрлер кабентинин “Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштери чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” № 440 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Документ Бардык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоочу бирдиктүү порталга (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылды.

Кыргызстанда казино ишмердигине кайрадан уруксат берген “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” мыйзамы 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган. Аны ишке ашыруу үчүн Министрлер кабинети 2022-жылдын 1-августундагы токтом чыгарып, оюн-зоок иштери чөйрөсүнө кирген бизнестин түрлөрүн жана лицензиялоо тартибин атайын жоболор менен бекиткен.

Экономика жана коммерция министрлиги ал жоболордогу оюн-зоок ишкердигинин түрлөрүнөн – “оюн автоматтар залы” дегенди алып салууну сунуштоодо. Ишкердиктин калган түрлөрү – казино, букмекердик кеңсе, тотализатор, онлайн-казино, электрондук (виртуалдык) казино мурдагыдай кала берүүдө.

“Азаттык” 12-апрелде “Бишкектеги кофеканага жамынган кумар оюндары” деп аталган иликтөө жарыялаган. Анда жарым жылдан бери Бишкекте бир нече “Кофе и точка” деген жай иштеп жатканы, сыртынан кофеканалардын бириндей көрүнгөнү менен ичинде кумар оюндары ойнотула турганы аныкталган. Иликтөөдө кумарканага машинасын, акчасын уттурган адамдар тууралуу сөз болгон.

Мындан кийин Бишкектеги Свердлов райондук ички иштер бөлүмү өзүнүн аймагындагы “Кофе и точка” жайларынын эки филиалын жаап, эшигине мөөр басып кеткен. Ал эми башка райондогу кеңселери иштеп жатканы кабарланган. Жалпы жонунан “Кофе и точканын” Бишкекте тогуз, Ошто эки филиалы болгон.

26-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев жана Эрулан Көкүлов Финансылык көзөмөл кызматынын өкүлү, милиция кызматкерлери менен бирге Бишкектеги “Кофе и точка” жайларын текшерүүгө барып, аларды жабууну талап кылышкан.

Казино ишмердигине 2012-жылы 1-январда салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган. Ага ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд сомго жакын акча түшөрүн билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG