Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:58

Кыргызстанда тогуз мектептин ачылышы болду, Оштогусуна президент Жапаров катышты


Президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы мектептин ачылышына катышты. 6-май, 2024
Президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы мектептин ачылышына катышты. 6-май, 2024

Бүгүн, 6-майда Кыргызстан боюнча тогуз мектеп жана эки бала бакча пайдаланууга берилди.

Ош шаарындагы И.Раззаков атындагы мектепти президент Садыр Жапаров ачып, билим берүү тармагына көнүл буруу күчөтүлө турганын айтты. И.Раззаков мектеби 700 орундуу. Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин айтымында, анын курулушу 2013-жылы башталган. 2022-жылы республикалык бюджеттен 280 млн сом бөлүнгөн.

Ушул эле күнү Ысык-Көлдө төрт, Баткенде бир жана Чүйдө бир мектеп пайдаланууга берилди.

Мамлекет башчы бир күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна 6-майда барды. Президент Ош шаарынын мэриясынын жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аткарган иштери жана пландары тууралуу маалыматы менен таанышат.

Былтыр Ысык-Көл облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн таланттуу балдары билим ала турган президентке караштуу мектеп-гимназия ачылган. Мамлекет башчы Оштогу сөзүндө аталган мектеп-гимназияга балдарды окутуу көбөйөрүн билдирди.

Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Ушул тапта Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге 12 жылдык окутуу системасын камтыган "Алтын Казык" программасын сунуштап жатат. (DSh/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG