Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Баткенде сел малды агызып, жолдор жабылды


Баткен облусунун акимчилиги тараткан сүрөт. 6-май. 2024-жыл
Баткен облусунун акимчилиги тараткан сүрөт. 6-май. 2024-жыл

5-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен облусунун Лейлек районунда, анын ичинде Сүлүктү шаарында сел жүрдү. Сел суулары Лейлек районунун Катран, Коргон, Андарак, Көк-Таш, Баул, Самат, Жаркыштак, Мурас айылдарын каптаган. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Селдин кесепетинен бир дүкөнгө, жети үйдүн короосуна, алты жер төлөгө суу кирген жана суу ташкыны беш убактылуу жасалган көпүрөнү агызган. Бир балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулган. Ошондой эле суу ташкыны төрт бодо малды алып кеткен. Табигат кырсыгынан адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Айрым жараксыз болгон унаа жолдорун калыбына келтирүү, каттамды камсыз кылуу иштери жүрүүдө.

Апрелдин акыркы аптасында нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында миңден ашык үйдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG