Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамы экинчи окууда карала баштады


Тбилиси. "Чет элдик агент" мыйзамына каршы акция.
Тбилиси. "Чет элдик агент" мыйзамына каршы акция.

Грузияда бийликтин Орусиянын "чет элдик агент" мыйзамын туураган деген демилгесин ишке ашыруу аракети уланууда. Мыйзам долбоору бүгүн, 30-апрелде парламенттин жалпы жыйынында экинчи окуудагы талкууга коюлду. Кечээ аны юридикалык комитет колдоп берген. Демилгечилер талкуу бир нече күн уланышы мүмкүн экенин айтышты.

Президент Саломе Зурабишвили мындай мыйзамга кол койбой турганын билдирди. Бирок өкмөт президенттин ветосун жоюуга добушу жетиштүү экенин айтты.

Мыйзам "Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" деп аталат. Эгер ал кабыл алынса, Грузияда каржылоосунун 20% көбү сырт жактан келүүчү уюмдар атайын каттоодон өтүшү зарыл болот.

Грузин парламентиндеги азыркы талкуу оппозицияны жана эркин журналисттерди чектөө менен коштолууда.

Миңдеген кишилер мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, борбор калаа Тбилисиде бир нече күндөн бери нааразылык акциясын өткөрүп жатышат.

29-апрелде бийлик аларга каршы митинг уюштурду. Адамдарды аянтка атайын автобустар менен ташып барышканы тууралуу видеолор социалдык түйүндөргө тарады.

Орусиянын оппозицияны, жарандык коомду жана журналисттерди чектеген "чет элдик агент" мыйзамын туураган деп грузин оппозициясы каршы чыккан мыйзам долбоорун кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партия сунуштоодо. Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат.

Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы катышкан эмес.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, айрым конгрессмендери жана сенаторлору грузин бийлигин мыйзамды кабыл албоого чакырып, аны орус президенти Владимир Путиндин «антидемократиялык инструменти» деп аташты жана Кошмо Штаттардын демократиялык өнөктөшү болгон, Европа Биримдигине талапкер макамын алган Грузиядагы мындай демилге кооптонууну жаратып жатканын белгилешти. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG