Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Польшалык фермерлердин Украинадан дан ташууну чектеген акциясы токтоду


Польшалык фермерлердин акциясы. Архивдик сүрөт.
Польшалык фермерлердин акциясы. Архивдик сүрөт.

Польшада фермерлердин Украина менен чек арадагы автожолдорду тороп, украин айыл чарба продукциясын өлкө аймагына өткөрбөй келген акциясы токтоду. Бул тууралуу польшалык фермерлер 29-апрелде жарыялашты.

Украинанын Чек ара кызматы оор жүк ташыган машиналар үчүн каттам эки тарап үчүн тең толук калыбына келтирилгенин билдирди. Өлкөнүн агрардык саясат министри Николай Сольский Польша бийлигинин "конструктивдүү ишин" белгиледи.

Украина эгин сатуу жагынан дүйнөдө экинчи орунда турган өлкө болчу. Негизинен өндүргөн данын Кара деңиздеги порттору, темир жол жана авто жол аркылуу экспортточу. 2022-жылы Орусиянын агрессиясына кабылгандан бери порттору, жолдору талкаланып, коопсуздук мурдагыдай болбой калгандыктан экспорттук мүмкүнчүлүгү чектелди. Европа өлкөлөрү Украинага жардам иретинде анын дан эгинин жеңилдетилген шартта сатып алууга макул болгон. Бирок кийин мындай чара ал өлкөлөрдүн ичинде нааразылык жаратып, жергиликтүү фермерлер украиндердин арзан эгини бааны түшүрүп жатканын, эмгеги акталбай калганын айтып, чек арадагы жолдорду жаба башташкан. Кээ бир жерлерде белгисиз бирөөлөр украиналык оор жүк ташуучу машиналарга жана темир жол вагондоруна жүктөлгөн данды чачып кетишкен.

Дыйкандардын акциялары Польшада 2023-жылы февралда башталып, Бельгияда, Германияда, Францияда, Румынияда да өткөн.

Польша өкмөтү Украина бийлигин согуш башталгандан бери иштиктүү колдоп келе жатат. Бирок польшалык фермерлер чек арада уюштурган чектөөлөрдүн айынан эки өлкө ортосунда нааразылык жаралган учурлар болгон.

Расмий Киев кырдаалды жөнгөрүү өтүнүчү менен Европа Биримдигине кайрылган.

Чек аранын ачылышына Польша өкмөтү жергиликтүү фермерлерге дан баасынын төмөндөшүнөн улам учураган жоготууларынын ордун толтурууга субсидия иретинде жалпысынан 2 миллиард злотый (500 миллион доллардан ашуун) бөлүү тууралуу чечими себеп болгону маалымдалды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG