Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Жогорку Cот Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Жогорку сот 30-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандат маселесине байланыштуу буга чейинки эки инстанциянын токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын карап, Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын адвокаты Алтынбек Токтосунов билдирди.

Жогорку соттун басма сөз кызматы соттук коллегия андан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 2022-жылдын 9-мартындагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча чечими жокко чыгарылганын билдирди.

Башкача айтканда, Абдурахманхажи Муртазалиевдин алган добушу жарактуу деп табылат. Боршайком соттун акыркы токтому тууралуу комментарий бере элек.

Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке депутат болуп келген Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарып, мандатты Абдурахманхажи Муртазалиевге берүүнү чечкен. Бир айдан кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Шайлообек Атазов Жогорку сотко кассациялык арыз берген. Ал коомчулукта камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду ачык колдогон адам катары таанымал. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG