Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

ХАМАС Газа боюнча сунушту изилдеп жатканын билдирди


Газа сектору.
Газа сектору.

Газа секторундагы атышууну 40 күнгө токтотуу тууралуу сунушту изилдеп жатканын бүгүн, 30-апрелде ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп жарыяланган) билдирди. Египеттин борбору Каир шаарында өткөн соңку тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн кийин Катар өлкөсүнө кайтып барган ХАМАС өкүлдөрү "…идеялар жана сунуштар изилденип чыгарын" билдирип, "болушунча тезирээк реакция кылууга аракет кылабыз" деп маалымдашты.

France-Presse агенттиги (AFP) кабарлагандай, Израил ХАМАСтын колунда жарым жылдан бери барымтада кармалып турган адамдардын бошотулушу үчүн Газадагы аскердик операциясын 40 күнгө токтотууга макул болууда.

Бул күндөрү Жакынкы Чыгышта иш сапарда жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин мындай сунушун “өтө эле кең пейилдик” деп атады жана ХАМАСты аны кабыл алууга чакырды.

29-апрелде Каирде кезектеги тынчтык сүйлөшүүлөрү өтүп жаткан маалда Газада Израилдин соккусунан кеминде 40 палестиндин өмүрү кыйылганын, негизги чабуулдар Газанын 2,3 миллион калкынын дээрлик жарымы баш калкалап турган түштүктөгү Рафах шаарына жасалганын Reuters агенттиги билдирген. Бул соккулардан кийин Египеттин мамлекеттик телеканалдары Каирдеги сүйлөшүүлөргө катышып жаткан ХАМАСтын делегациясы Катардын борбор калаасы Дохага чыгып кеткенин, атышууну токтотуу тууралуу сунушка жообун жазуу түрүндө жөнөтмөй болгонун маалымдаган.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүп, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылы 7-октябрда Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен. Кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин кеминде 34 миңи каза болгонун анклавдын саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG