Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:55

Москвадагы кол салуу: Сот Лутфулло Назримаддын апелляциялык арызын четке какты


Лутфулло Назримад
Лутфулло Назримад

Москва шаардык соту “Крокус” концерттик залындагы теракт боюнча айыпталгандардын бири Лутфулло Назримаддын камалышын мыйзамдуу деп таап, анын апелляциялык арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу “Озоди” радиосу маалымдады.

Тергөө Тажикстандын 24 жаштагы жараны кол салгандарды каржылоо схемасына катышкан деп болжолдойт. Бул иш боюнча жалпысынан 11 адам кармалган, алардын 10у тажик жарандары.

Буга чейин орусиялык медиа Назримад кол салуу болгон күндүн эртеси, 23-мартта кармалганын жазышкан. Преображенский райондук соту аны коомдук тартипти бузганы үчүн 15 суткага административдик камакка алуу өкүмүн чыгарган. Кийинчерээк «Крокустагы» терактка катышы бар деп айыпталып, сот анын бөгөт чарасын өзгөртүп, 22-майга чейин камакка алган. Сот жабык өткөндүктөн, айыпталуучунун позициясы белгисиз.

Назримаддын адвокаты ал күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алганын билдирди. 15-апрелде Назримад Москванын Басман райондук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

Теракт боюнча айыпталган дагы төрт киши - Мухаммадзоир Шарифзода, Аминжон, Диловар жана Исроил Исломовдор да апелляциялык арыз беришкен, бирок Москва шаардык соту аларды четке какты.

22-марттагы кол салуудан 144 киши каза тапты, 550дөн ашууну жабыркады. Теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук уюму өзүнө алган.

24-апрелде Мамлекеттик Думанын вице-спикери Ирина Яровая Орусиядагы теракттарды сырттан уюштуруп, каржылаган адамдар, анын ичинде «Крокуска» кол салгандар өмүр аягына чейин кесилиши керек деп билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG