Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:51

Amnesty International Кыргызстандагы "негизсиз кармоолорду" сындады


Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жакындары ачык сотту талап кылууда. Бишкек, 24-апрель, 2024-жыл
Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жакындары ачык сотту талап кылууда. Бишкек, 24-апрель, 2024-жыл

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 24-апрелде жарыялаган жылдык докладында былтыр дүйнө жүзүндө адам укуктарынын абалы начарлаганын жазды.

155 мамлекеттеги абалды талдап чыккан уюм Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө бийлик коомдук сындын бардык формаларын жана башкача көз карашын тынч билдиргендердин добушун басуу кампаниясын активдештиргенин белгилейт.

“Өкмөттү сындаган журналисттер жана активисттер негизсиз кармоолорго, куугунтукка жана адилетсиз сот процесстерине кабылды. Айрым активисттер кыйноолорго же башка катаал мамилеге теңөөгө мүмкүн болгон шарттарда кармалып келишти. Тынч демонстрациялар олуттуу түрдө чектелди”, - деп жазды уюм.

Докладда бейөкмөт уюмдардын ишмердигин, жарандардын өз оюн эркин билдирүү укугун, жалпыга маалымдоо каражаттарын чектеген демилгелер, майыптыгы бар кыз-келиндердин сексуалдык ыдыкка кабылуу коркунучу, адилет сотко жете албаганы тууралуу сөз болот.

Укук коргоочулар Кемпир-Абад ишине, Kloop басылмасынын бөгөттөлүшүнө, башка маалымат каражаттарына болгон кысымга тынчсыздануусун билдирди.

Мындан тышкары ЛГБТнын укуктары, айлана-чөйрөнүн булганышы тууралуу айтылат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Чет элдик өкүл" мыйзамы кабыл алынгандан кийин бейөкмөт уюмдарга "куугунтук болбойт" деп убада кылган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG