Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:33

Токаев суу тартылгандан кийин кээ бир айылдар көчүрүлөрүн айтты


Суу каптаган айылдарлдын бири. Казакстан, 24-апрель 2024-жыл
Суу каптаган айылдарлдын бири. Казакстан, 24-апрель 2024-жыл

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ири суу каптоодон улам кээ бир айылдар көчүрүлөрүн жарыялады.

“Суу тартылгандан кийин айрым айылдар башка жерлерге көчүрүлөт. Ал жактарда жаңы үйлөр тургузулат, жолдор курулат, суу туташтырылат. Айылдар жаңыланат. Жалпы дүйнөдө чоң кризистер тез өнүгүүгө жол ачат”, - деп айтты Токаев бейшембиде Астанада Казакстан элдеринин ассамблеясынын жыйынында.

Президент суу тартылганда жапа чеккен региондорду калыбына келтирүү иши башталарын, аларды кышка чейин бүтүрүү максаты коюлганын, жабыркаган тургундарга кенемте төлөнөрүн билдирди.

Токаев жаңы турак жайлар кайсы жерде салынарын тактаган жок, курулушту географиялык жана гидрологиялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Марттын ортосунан бери кошуна өлкөнүн 10 облусундагы шаар-кыштактарды суу каптаган. Президент аны 80 жылдан берки эң ири жаратылыш кырсыгы деп атады.

Казак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бейшемби күнкү маалыматына караганда, Түндүк-Казакстан, Атырау жана Актөбө облустарында 6 миңдей үйдөн, 2 миңден ашуун кожолуктан суу сордурулду. 31 мин 416 киши жашаган жерлерине кайтты, эвакуация пункттарында 8 жарым миң киши калууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG