Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:17

Германияда борбор азиялыктарга террорчулук боюнча айып тагылды


Германиянын федералдык прокуратурасы борбор азиялык жети жаранга террордук уюм түзүү, ага катышуу, “Ислам мамлекети” террордук уюмун колдоо боюнча айып такты. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.

Gazeta.uz маалымдагандай, айыпталгандар Германиянын батышында былтыр жайында кармалып, ошондон бери камакта болчу. Арасында Түркмөнстандын жана Кыргызстандын бирден жарандары бар, калгандары тажикстандыктар. Прокуратура “алар бири-бирин көптөн бери тааныганын жана исламчыл радикалдуу көз караштарды жактай турганын” белгиледи.

Андан ары күнөөлөнүп жаткандар Германияга 2022-жылдын жазында Украинадан келгени, кол салуу үчүн террордук топ түзүшкөнү айтылат. Бул үчүн маал-маалы менен жолугушуп турушчу, чабуул үчүн ыңгайлуу жерлерди караштырып, курал-жарак сатып алууга аракеттенишкен. Алар кармалган учурда теракт тууралуу конкреттүү планы жок болгонун тартип коргоочулар белгилешет. Борбор азиялыктар “Ислам мамлекети” террордук уюмунун Ооганстандагы канатына (“Ислам мамлекети-Хорасан”) киргендер менен байланышып турган.

Маалыматка караганда, алтоо акча чогултуп, 2022-жылдын апрелинен былтыркы майга чейин террорчуларга бир нече миң евро которушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG