Кыргызгидромет агенттиги өлкө аймагында 26-28-апрелде аба ырайы туруксуз болорун эскертип, нөшөргө байланыштуу тоолуу райондордо, тоо этектеринде сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскертти.
26-апрелге караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Бийик тоолуу жерге кар түшөт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Батыштан жел согуп турат, айрым учурларда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22,
Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 18...23,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18,
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5°.
Бишкек шаарында мезгил мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 9…11, күндүз 19…21°.
Facebook шеринеси