Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

Байден Украинага аскердик жардам берүү мыйзамына кол койду


Президент Байден мыйзамга кол койгондон кийин. Вашингтон. 24-апрель, 2024-жыл
Президент Байден мыйзамга кол койгондон кийин. Вашингтон. 24-апрель, 2024-жыл

24-апрелде АКШнын президенти Жо Байден Украинага дээрлик 61 млрд доллар жардам берүү мыйзамына кол койду.

«Бул – дүйнө үчүн жакшы күн. Американын өнөктөштөрүнүн өз суверенитетине туулган коркунучтарга каршы туруусу үчүн абдан маанилүү колдоо», - деп белгиледи Байден Ак үйдөгү брифингде.

Вашингтон администрациясы курал-жарак Украинага ушул жумада жеткириле баштарын билдирди. Бир миллиард долларлык биринчи пакетке абадан коргонуу күчтөрү, артиллерия, ракета системалары үчүн ок-дары жана бронетехника кирет.

Мыйзамдын алкагында Киевге 60 млрд 800 миллион, 26 млрд доллардан ашуун каражат Израил менен Газадагы гуманитардык жардамга жана 8 млрд Тайван менен Тынч океандагы өнөктөштөргө берилмекчи.

Бул ири пакетти талкуулоо жарым жылга созулду. Консервативдүү республикачылар Украинага жардам берүүгө каршы чыгып, Ак үйдөн АКШнын өзүнүн түштүк чек арасын бекемдөөнү талап кылып келишкен.

21-апрелде мыйзам долбоорун Конгресстин Өкүлдөр палатасы, 24-апрелде Сенат жактырды.

Каршы болгон республикачылар менен мунасага келүү үчүн Украинага 10 млрд доллар кредит түрүндө бөлүнөрү макулдашылды. Бирок ал карызды президент 2026-жылы атайын чечими менен жоюушу мүмкүн.

Украинанын жетекчилиги курал-жарак жана ок-дары түгөнүп баратканын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG