Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:07

Салык кызматы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Салык декларациясын кабыл алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматы 30-апрелге чейин күнүгө түн ортосуна чейин иштейт.

Аталган мекемеден кабарлашкандай, жеке жактар декларацияны "салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу онлайн же кагаз түрүндө жергиликтүү салык органына барып тапшырса болот. Ишкерлер электрондук түрдө гана бериши керек.

Жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар 1-майга чейин декларация тапшырууга милдеттүү.

Салык кызматы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл ала баштаганын 18-январда билдирген.

Декларацияны кабыл алуу эки этапта өтөт. Биринчисинде юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, ошондой эле Кыргызстанда туруктуу мекемеси бар чет өлкөлүк уюмдар 1-апрелге чейин тапшырган.

Декларацияда кирешелер жана чыгашалар, экономикалык иш, мүлк объектилери, жер тилкелери жана отчёттук жыл үчүн төлөнгөн салыктын суммасы көрсөтүлүшү керек.

Салык кызматы 2026-жылдан тартып бардык жарандар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү болорун эскерткен. Ага чейин жалпы салыктык декларациялоо этап-этабы менен киргизилери айтылган. Анын биринчи этабы 2023-жылы башталган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG