Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:46

Депутат Өмүрзаков суу ташкында киши өлүмүнө алып келген учурлар үчүн ӨКМди сынга алды


Сүйүн Өмүрзаков
Сүйүн Өмүрзаков

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков соңку сел каптоодон эки кишинин өлүмүнө алып келген окуяларды сынга алып, муну үчүн эскертүү жана алдын алуу иш-чаралары жетишсиз болуп калганын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги жыйынында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суу ташкындарынын кесепети жөнүндө маалыматы угулуп жаткан маалда айтты.

Өмүрзаков Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку автоунаа жолунда автоунаа селге аккан учурда куткаруу иштерин алгач жергиликтүү тургундар жүргүзгөнүн, министрликтин куткаруучулары кеч жеткенин белгиледи. Депутат бул жолдогу кырдаал менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) адистери мурдатан кабардар экенин, жаан-чачын күчөгөн маалда ошол жакта адистер отуруп, эскертүү берип турушу керектигин белгиледи.

“Ошол жерде эл тез арада уюшулуп, эки наристе менен бир аялды сактап калды. Тилекке каршы, унаанын айдоочусу агып кетиптир. Куткаруу иштерин жүргүзгөн адамдарда ыраазычылык айтыш керек. Биздин президентибиз Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүздөгөн техникаларды тапшырып жатат. Ошондо “адам өмүрү баарынан кымбат, техникаларды алып, адам өмүрүн сактагыла” деп тапшырме берген. Техника, кызматкерлер жетиштүү болсо ошо ыктымал сел жүрө турган жерлерге барып, постторду коюп, ары-бери өтүүдө жарандардын коопсуздугун карап туруш керек болчу. Сел жыл сайын жүрүп жатса, ал кайсы жерде болорун сиздер билесиздер да. Ошондой кооптуу жерлерге тез арада кызматкерлерди жөнөтүп, постторду коюш керек болчу да. Эгерде сел жүрүп жатса, так ошол жерде болуп, сактап калыш керек болчу. Техникаларды алгандан кийин иштебейсиздерби?! Ошол эле Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку жолунда ушундай коркунучтар бар экенин, биз канча жолу айтып, эскерткенбиз”, – деди Сүйүн Өмүрзаков.

Депутаттын суроосуна жооп берген өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов техникалардын баары жер-жерде иштеп жатканын, ага карабай киши өлүмүнө алып келген учурлар катталып калганын белгиледи.

Шамырканов мунун алдында 20-апрелден 23-апрелге чейин нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам Кыргызстандын аймагында 67 сел каптаган учур катталганын айтты. Андан 1092 турак жайды суу каптап, анын ичинен 264 турак үйдүн жер төлөлөрүнүн ичине сел кирген.

Кара-Кулжа районунун Чалма айылынын Шимек тилкесинде 20-апрелде жеңил унааны төрт адам менен кошо суу агызып кеткен. Үч адм куткарылып, айдоочу каза болуп калган. Мындан сырткары ушул эле күнү Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында 2007-жылы туулган балага чагылган тийип, каза болгон.

20-апрелден 24-апрелге чейин нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад , Талас, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында үйлөрдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган.

Селден улам Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана ушул эле облустун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG