Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:59

Бир катар акимдер кызматтан алына турганы белгилүү болду


Министрлер кабинетинин жана жалпы өкмөттүн коллегиясы. 25-апрель, 2024-жыл.
Министрлер кабинетинин жана жалпы өкмөттүн коллегиясы. 25-апрель, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир катар райондордун акимдерин, орун басарларын жана аппарат башчысын кызматтан алууну чечкени белгилүү болду. Ал өз сунушун президент Садыр Жапаровго бергенин айтты.

Кызмат орундарынан бошотууга сунушталгандар:

- Кемин районунун акими Алайбек Жумаев, 1-орун басары Акылбек Мурсалиев, орун басары Кайрат Жетенбаев жана аппарат башчысы Бактыбек Алиев;
- Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев;
- Лейлек районунун акиминин 1-орун басары Абдирашит Ташбалтаев;
- Жети-Өгүз районунун акиминин 1-орун басары Адилет Дүйшөмбиев.

Министрлер кабинетинин 25-апрелдеги жыйынында бир катар министрлерге жана орун басарларына коюлган тапшырмаларды так аткарбаганы үчүн деген жүйө менен сөгүш берилди.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов жана президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев эскертүү алды.

Аткаминерлер кайсы тапшырмаларды аткарбаганы, кандай алешемдиктерди кетиргени так айтылган жок.

Кыргызстандын өкмөтүнүн 25-апрелдеги коллегиялык жыйынында 2023-жылдагы экономикалык өсүш жана 2024-жылга карата пландар каралды. Акылбек Жапаров мунун алдында былтыр экономикалык өсүш 6,2% түзгөнүн, быйыл реалдуу өсүш темпи 6% болот деп пландалып жатканын айтты.

24-апрелде президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берген. Буга алар өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү себеп болгон. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG