Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:19

Бишкекте дүкөнчү аялга кол көтөргөн чет элдик жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

24-апрель күнү түндө милицияга Бишкектеги кичирайондордун биринде белгисиз адам дүкөнчү аялды сабаганы тууралуу маалымат түшкөн. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жерине барып текшерип, жабырлануучу О.Н. аттуу кыргызстандык аялды ооруканага жеткиришкен.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 58 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Милициянын маалыматында шектүү кайсы өлкөнүн жараны экени ачыкталган эмес.

Кыргызстандын аймагында кылмыш кылган чет элдик жарандар өлкө мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG