Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:24

Кыргызстандагы соңку жаан-чачын маалында миңден ашык кожолукту суу каптап, эки киши өлдү


Жалал-Абаддын Сузак районундагы сел баскан айылдар. ӨКМ тараткан сүрөт.
Жалал-Абаддын Сузак районундагы сел баскан айылдар. ӨКМ тараткан сүрөт.

20-апрелден 23-апрелге чейин нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам Кыргызстандын аймагында 67 сел каптаган учур катталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, мунун ичинен Ош облусунда 29, Жалал-Абад облусунда 18, Баткен облусунда 10, Талас облусунда 4, Чүй облусунда 4 жана Ош шаарында 2 суу ташкыны болду.

“Сел кырсыктары 1092 кожолукту каптап, анын ичинен 264 турак үйдүн жер төлөлөрүнүн ичине сел кирген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 253 турак үй канааттандырарлык абалда, 9 турак үй капиталдык оңдоону талап кылат жана 2 турак үй жараксыз абалга келген. Жарандык коргонуу комиссиясы бардык жерде тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. Мындан сырткары 7 социалдык объектти сел каптаган. Анын бири жараксыз абалга кептелди. Ошондой эле чарбалык курулуштар, унаа жолдорду, көпүрөлөрдү, сел өтүүчү каналдарды, айдоо аянттарын суу каптаган. 300дөй кожолук эвакуацияланып, 14 жандык сууга аккан. Кара-Кулжа районунун Чалма айылынын Шимек тилкесинде 20-апрелде жеңил унааны төрт адам менен кошо суу агызып кеткен. Анын үчөөнү биздин куткаруучулар куткарып калган. Тилекке каршы, айдоочу каза болуп калган. Мындан сырткары Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында 2007-жылы туулган балага чагылган тийип, каза болгон”, – деди Урматбек Шамырканов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кырсыктарды жоюу үчүн 23 инженердик техника бөлсө, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийликтен 230 техника ишке чыккан. Министрликтен 685 куткаруучу, жергиликтүү бийликтен 510 адам куткаруу иштерине тартылган.

20-21-22--23-апрель күндөрү нөшөрдөн улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ала-Бука, Ноокен, Сузак, Аксы жана Токтогул райондорунда, Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында сел жүрүп, ондогон үйлөрдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты. Ондогон тургундар эвакуацияланды.

Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүрдү.

Селден улам Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана ушул эле облустун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG