Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Үч жашар кыздын өлүмү боюнча соттук отурумда чыр чыкты


Бишкектин Октябрь райондук соту.
Бишкектин Октябрь райондук соту.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда тиш дарылоо учурунда каза тапкан үч жашар кыздын өлүмү боюнча 24-апрелде башталган баштапкы соттук угуу маалында чыр-чатак чыкты. Бул тууралуу 25-апрелде аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрү жана тарапташтары чыр-чатак чыгарып, соттун эмеректеринин талкалашып, айыпталуучулар менен жактоочулар жаракат алышкан.

Бул факт боюнча Октябрь райондук соту, жабыркаган айыпкерлер жана башка тараптар тиешелүү органга кайрылышты.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бул чагымчыл жагдайды сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууга басым жасоо катары баалайт жана мындай жагдайларга жол берилбестигин эскертет.

Үч жаштагы Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде алты сааттык операциядан кийин чарчап калган.

Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция аталган клиникада эмес, Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырышкан.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага “Севоран” дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Анестезиолог камакка алынган эле. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG