Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:06

Харьковдо эки ракета турак жайларга тийип, алты киши жарадар болду


Харьковго урулган соккудан кийин. 24-апрель, 2024-жыл
Харьковго урулган соккудан кийин. 24-апрель, 2024-жыл

Шаршемби күнү таңга маал орусиялык ракеталар Украинанын экинчи ири шаары Харьковдо турак жайларга тийип, алты киши жарадар болгонун губернатор Олег Синегубов Телеграм-каналына жазды.

“Мен үйдө болчумун, уктап аткам. Эки сокку урулду. Биринчисинен кийин терезелердин бардыгы күбүлүп түштү. Айнек колумду тилип кетти. Сыртка чыгайын дегенде экинчи сокку болду. Эшикти учуруп кетти. Кантип качып чыкканымды билбейм”, - деп айтып берди Рейтер агенттигинин кабарчысына Александр аттуу жергиликтүү тургун.

Губернатордун билдирүүсүнө караганда, чабуулдан шаардын борбордук районунда үч турак жай, эки кеңсе, эл жашабаган үч имарат жана бир газ түтүгү зыян тартты.

Көптөгөн далилдерге карабай, Москва согуштун башынан бери Украинадагы жарандык жайларды жана карапайым элди бутага албаганын айтып келатат.

Синегубов 568 терезе талкаланганын жана 33 унаа жараксыз болуп калганын кошумчалады.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов жергиликтүү телеканалга айтып бергенине караганда, чабуулдар эки S-300 ракетасынан коюлган, турак үйлөргө олуттуу зыян келтирилген жок.

Шаршемби күнү орусиялык РИА мамлекеттик маалымат агенттиги орус күчтөрүндөгү аты аталбаган булактарга таянып, сокку Харьковдун украин аскерлери жайгашкан кварталдарга урулганын билдирди.

Маалыматты тараткан Рейтер бул кабарларды өз алдынча текшере албаганын жазды.

Орусия Харьковду бир нече жумадан бери аткылап, улам чабуул коюп келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG