Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:07

Селден улам Сузак районуна да өзгөчө кырдаал режими киргизилди


Жалал-Абаддын Сузак районундагы сел баскан айылдар. ӨКМ тараткан сүрөт.
Жалал-Абаддын Сузак районундагы сел баскан айылдар. ӨКМ тараткан сүрөт.

20-апрелден 24-апрелге чейин жааган жаандан улам Сузак районунун Барпы, Кызыл-Туу, Сузак айыл өкмөттөрүндө турак жайлардын короолорун сел суулары каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мындан сырткары Көк-Арт дарыясынын суунун деңгээли көтөрүлүп, бир топ аймактарга кооптуулук жараткандыгы үчүн Сузак районуна райондук Жарандык коргоо башчысынын буйругунун негизинде 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда селден жабыркаган жергиликтүү тургундардын турак жайлардагы сел суулар мотопомпа менен сордурулуп, коопсуз жайга чыгарылууда.

Сел сууга агып келген мал жандыктардын, үй канаттууларынын өлүгү тиешелүү кызматтар тарабынан залалсыздандырылып, айыл ичинде дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тийиштүү жерлерге атайын инженердик техникалар тартылып, сел каналдарда тазалоо жумуштары башталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мунун алдында тараткан маалыматында 23-апрелдин кечинде нөшөрдөн улам Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын Атана айылында 11 үйдүн чарбагын суу каптаганын кабарлаган. Аксыда дагы бир нече айылдын жолдорун суу каптаган.

20-21-22-апрель күндөрү нөшөрдөн улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ала-Бука, Ноокен, Сузак, Аксы жана Токтогул райондорунда, Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында сел жүрүп, ондогон үйлөрдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ондогон тургундар эвакуацияланган.

Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты. Селден улам Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүрдү. Натыйжада Талас районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG