Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:29

Бишкекте адал индустриясын өнүктүрүү маселеси талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Абдулазиз Закиров Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Адал индустриясын өнүктүрүү борбору” мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу муфтият маалымдады.

Жолугушууда адал индустриясын өнүктүрүү боюнча кызматташуунун пландары талкууланып, адал азыкты тастыктоо, адал азыктын жана тейлөө сапатын көзөмөлдөө боюнча биргелешкен механизмдерди иштеп чыгуу, инвестиция тартуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле элге адал азыктар жана тейлөө боюнча кеңири маалымат берүү жөнүндө пикир алмашты.

Соңку 15-20 жылдан бери Кыргызстандын коомчулугунда адал түшүнүгү кеңири жайылууда. Дүкөндөрдө, тамактануу жайларында "адал" деп аталган азыктарга суроо-талап чоң. Той-топурлар, коомдук иш-чаралар "адал" тартиби менен өтүп келет.

Буга кошумча, "адал айыл чарба", "адал туризм", "адал медицина", "адал дары", "адал косметика", "адал логистика" деген түшүнүктөр да пайда болгон.

2015-жылы “Кыргызстандагы адал индустрияны өнүктүрүү концепциясы” кабыл алынган. 2022-жылы дагы бир концепция жарыяланган. 2021-жылы маркалоо боюнча токтом чыккан. 2023-жылы ноябрь айында өкмөт “Адал туризмди өнүктүрүү концепциясын” кабыл алган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG