Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:34

Смоленск облусунда мунай иштетүүчү завод дрон чабуулуна туш болду


Смоленск мунай иштетүүчү заводу
Смоленск мунай иштетүүчү заводу

Смоленск облусунда украиналык дрон соккуларынан отун-энергетикалык комплекстин бир нече жайында өрт чыкты. Бул тууралуу облус губернатору Василий Анохин билдирди. Анын айтымында, өрт Смоленск жана Ярцев райондорунда тутанган, жабыркагандар болгон жок, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кесепеттерди жоюуда.

Жергиликтүү тургундар Ярцев районундагы мунай иштетүүчү завод чабуулга кабылганын айтып беришти. Күбөлөр Смоленскидеги мунай ишканасы өрттөнгөнүн маалымдашкан.

Astra Телеграм-каналы бир же андан көп учкучсуз учак Раздорово айылындагы мунай базасына тийгенин жазды.

Жыл башынан бери украиналык дрондор Орусиядагы 18 мунай иштетүүчү заводго зыян келтиргенден кийин өндүрүш дээрлик 14 пайызга азайган.

Мартта “Роснефттин” Рязандагы ишканасына, Нижний Новгород облусунда “Лукойлдун” заводуна сокку урулган. Экөө тең Москваны бензин менен камсыздаган Орусиядагы ири мунай иштетүүчү заводдорго кирет.

Киев энергетикалык объектилерди бутага алганын расмий билдирбейт.

24-апрелге караган түнү учкучсуз учактардын чабуулу тууралуу Воронеж, Курск, Белгород, Липецк облустарынын бийликтери маалымдады. Кабарларга караганда, Воронеждин четинде дрондун сыныктары кулаганда, бир турак үй өрттөндү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG