Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:36

Милиция Бишкектин конуштарынын биринде аялын сабаган кишини кармады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаанын Кара-Жыгач конушунун 28 жаштагы тургуну аялын сабоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган айылдын тургуну, Б.Л. аттуу аял милицияга арыз менен кайрылып, жолдошу К.Т. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Ал 21-апрель күнү күйөөсү үйүнүн короосунда жүрүп, денесине эч себепсиз залал келтиргенине даттанган.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козгогон.

Милиция кызматкерлери тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган К.Т. аттуу жаран аныктап, кармаган.

Борбор калаанын милициясы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды жана күбө болгон адамдарды жакынкы милиция кызматкерине же 102 кыска телефону аркылуу тез арада кабарлап коюуга чакырат.

Мунун алдында бул окуянын видеосу интернетке тараган. Тасмада көрүнүп тургандай, эркек киши аялын автоунааны айлантып кууп, колунда кандайдыр бир нерсе менен чапканы, соңунда кармап, сабап жаткан жери тартылып калган. Видеодо аялын сабаган кишинин, келиндин сабалган денесинин жана автоунаанын сүрөтү да жарыяланган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG