Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:10

Орунбеков Коргонбай уулунун мандат тапшыруусу министр Бейшеналиевдин ишине тиешеси жоктугун билдирди


Дайырбек Орунбеков
Дайырбек Орунбеков

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруусу жөнүндө комментарий берди.

Фейсбукта жазган постунда Орунбеков депутат мандатын өз каалоосу менен тапшырганын белгилеп, жалпыга маалымдоо каражаттары аны башка нукка буруп жатканын билдирди.

“Тактап айтканда, буга чейин эл өкүлү менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайым айтышканын, президент министрди коргоп чыкканын мисал кылып, анын мандатын тапшыруу себебине саясий боёк беришүүдө. Депутат Коргонбай уулунун мандатын тапшырганына министр Бейшеналиев экөөнүн ортосунда жаралган маселенин эч кандай тиешеси жок. Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда кайым айтышып кетүү учурлары буга чейин да болгон, мындан ары да боло берет. Ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андыктан, депутаттын өз каалоосу менен мандатын тапшырганын жогорудагы санап өткөн себептерге байланыштыруу туура эмес. Анын кетүүсү - өзүнүн башка себептерине байланыштуу тандоосу, Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон чыр-чатактарына такыр тиешеси жок”, – деп жазды башчысы Дайырбек Орунбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу үчүн 22-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган. БШК арызды 23-апрелде карап, анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Коргонбай уулу мандатын тапшырган себебин ачык айткан эмес. Мындан улам маалымат каражаттары жана социалдык тармактардагы колдонуучулар анын соңку саясий тиреши менен байланыштырып жатышкан.

Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 3-апрелдеги жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин байлыгы жөнүндө билдирүү жасаган. Ал Бейшеналиевдин жана анын жакындарынын мүлкү 2 млрд сомдон ашарын айтып, президентке, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Депутат анда министрдин мүлкүн, байлыгын текшерип, коррупциялык иштерге аралашканын иликтөөнү суранган. Жыйынтыгында министрдин ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын айткандарын четке кагып, сотко кайрылганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги кезектеги маегинде аталган маселеге кайрылып, “министрдин туура эмес иштери аныкталса жазага тартыларын” айткан. Кийинчерээк маекке мамлекет башчынын “депутаттын айыптоолору тастыкталбаса, ал дагы тийиштүү жазасын алат” деп айтканы толуктоо катары киргизилген.

44 жаштагы ишкер Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 7-чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан мандат алган. Анын ысымы буга чейин көмүр кен чырында аталган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG