Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Ноокенде селден улам тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдө


Жалал-Абадда сел каптаган үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Жалал-Абадда сел каптаган үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бостон айылында жайгашкан селден коргоочу тосмону суу жеп, Эски Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралганын билдирди.

Ушундан улам айылдын тургундарын эвакуация кылуу чечими кабыл алынып, 300 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Жеринде Жарандык коргонуу кызматы жана жергиликтүү тургундар өзгөчө кырдаалды жоюу иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 14 куткаруучу тартылды. Райондук Жарандык коргонуу кызматынан алты атайын техника, медициналык кызматынан эки “Тез жардам” автоунаасы, коомдук тартипти көзөмөлдөө кызматынан эки экипаж иштеп жатат.

Аймакта жалпы 22 куткаруучу иш алып барууда.

20-21-22-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты.

Селден улам Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG