Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Кыргыз-британ кызматташтыгы тууралуу жол картага кол коюлду


Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Бишкекке келди, 22-апрель, 2024-жыл
Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Бишкекке келди, 22-апрель, 2024-жыл

Кыргызстан менен Британиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2026-жылга чейин кызматташтык тууралуу жол картасына кол коюлду. Мындай документке 22-апрелде Бишкектеги жолугушуудан соң эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Дэвид Кэмерон кол койду.

Брифингде Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Британиянын ортосунда дипломатиялык алака түзүлгөн 31 жыл ичинде Кэмерон Кыргызстанга расмий сапар менен келген алгачкы британ тышкы иштер министри экенин белгиледи.

Кыргызстандын башкы дипломаты мындан кийинки эки ортосундагы кызматташтык өнүгөт деген ишенимин билдирди. Ал сүйлөшүүлөрдө экономикалык алакага көнул бурулганын жана Кыргызстанга инвестиция салууну сунуштаганын кошумчалады.

Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон 22-апрелде Бишкекке келди. Кэмерон сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугары айтылган. Бул британ тышкы иштер министринин Кыргызстанга алгачкы сапары.

Кэмерон ушул аптада Борбор Азиядагы беш өлкөнү жана Монголияны кыдыра турганы расмий кабарланган. Ал иш сапарын 22-апрелде Тажикстандан баштап, кечке жуук Бишкекке келди. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG