Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Кэмерон: Кыргызстандын өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керек


Дэвид Кэмерон "Азаттыкка" эксклюзивдүү интервью берип жатат, Бишкек, 22-апрель, 2024-жыл
Дэвид Кэмерон "Азаттыкка" эксклюзивдүү интервью берип жатат, Бишкек, 22-апрель, 2024-жыл

Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстандын "өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керек" деген пикирин билдирди. Ал бул тууралуу 22-апрелде Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушкандан кийинки брифингде айтты.

Кэмерон Кыргызстандын экономикалык багытта Кытай баштаган өнөктөштөрү бар экенин, өлкөнүн өнөктөш тандоо укугу болуш керектигин белгиледи. Ал Бишкектеги жолугушууларда британ-кыргыз кызматташтыгы талкууланганын жана аны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Кыргызстан суу ресурстарына бай экенине басым жасап, климат өзгөрүп жаткан шартта экологиялык долбоорлорду колдоо зарыл экенин, бул жаатта Британия орто, чакан бизнести колдоочу инвестициялык фонд түзөрүн кошумчалады.

Мындан сырткары жеке инвестициялар боюнча Кыргызстан менен кызматташып жатканын белгилеп, Бишкектеги стадионду курууга британиялык ишканалар катышып жатканын маалымдады.

Дэвид Кэмерон Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен дагы жолугат.

Бул британ тышкы иштер министринин Кыргызстанга алгачкы сапары.

Кэмерон ушул аптада Борбор Азиядагы беш өлкөнү жана Монголияны кыдыра турганы расмий кабарланган. Ал иш сапарын 22-апрелде Тажикстандан баштап, кечке жуук Бишкекке келди. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG