Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

УКМК "Клооп" сайты боюнча соттун чечимине каршы арызданды


“Клооптун” сайты.
“Клооптун” сайты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) kloop.kg сайтына байланыштуу Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы шаардык сотко апелляциялык арыз жазды. Бул тууралуу kloop.kg сайтында кабарланды.

Атайын кызмат арызында “Клооп” сайты мамлекеттик органдын Конституциялык укугун бузууда деп белгилеген.

Бишкектин административдик соту 18-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин kloop.kg сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган.

Мекеме бул чечимге каршы кийинки инстанцияга кайрылбаса же арызданган учурда да Бишкек шаардык соту административдик соттун токтомун күчүндө калтырса, kloop.kg сайты ачылышы керек болчу.

“Клооптун” орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып жабылган. Ага “Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды” деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп Маданият министрлигине кайрылган.

Министрлик ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу “фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.

“Клооп” бул чечимдерге макул эмес экенин билдирип келет.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен шаардык прокуратура сотко кайрылган.

Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG