Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Тамактануучу жайлардагы санитардык талаптарды көзөмөлдөө күчөтүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Бишкектеги ресторандардын биринде жарандардын жапырт ууланышына байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анда Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине жана жергиликтүү бийлик органдарына коомдук тамактануучу жайларда санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Жыйында коомдук тамактануу жайларындагы санитардык-эпидемиологиялык жана тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн жогорулатуу сунушталды.

Экономика жана коммерция министрлигине жеке коомдук тамактануу жайларына электрондук эсеп-фактураларды колдонуу, сертификаты бар гана азыктарды сатып алуу, ашканаларында байкоочу камераларды милдеттүү түрдө орнотуу жөнүндө сунушту иштеп чыгуу тапшырылды.

Бишкек шаарындагы "Улуу тоо" ресторанында жапырт уулануудан 15-апрелде 27 адам, 18-апрелде "Кыз узатуу" тоюнда дагы 12 адам жабыркаган. Ресторанга 18 миң сом айып пул салынып, 23-апрелден тарта жабуу тууралуу эскертүү берилди.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кабарлагандай, ресторандан текшерүүгө даяр тамактар, азык-түлүктөр алынган. Ашканадагы жабдуулардын тазалыгы текшерилип, 31 кызматкер кароодон өткөрүлгөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG