Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Жазуучулар союзунун төрагасы болуп Каныбек Иманалиев шайланды


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Бүгүн, 22-апрелде Улуттук илимдер академиясында Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун XVI курултайы өттү. Анда жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев төрагалыкка шайланды.

Жыйында төрагалык орунга төрт талапкер көрсөтүлдү. Каныбек Иманалиеден сырткары Эл акындары Кожогелди Култегин, Атантай Акбаров, Жедигер Саалаев ат салышты. Төрага шайлоо эки тур менен өтүп, кийинки турга Каныбек Иманалиев менен Кожогелди Култегин чыкты. Кайрадан добуш берүүнүн жыйынтыгында Иманалиев 70, Кожогелди Култегин 54 добуш алды.

Улуттук жазуучулар союзу - Кыргызстандагы калемгерлердин чыгармачыл уюму. Союзда поэзия, проза, драматургия, сын жана адабият таануу, балдар адабияты, көркөм котормо, орус тилинде жазгандардын жана башка секциялары бар. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында бөлүмдөр иштейт. Бирикменин төрагасы беш жылга шайланат.

Каныбек Иманалиевге чейин Улуттук жазуучулар союзун акын Нурлан Калыбеков жетектеп келген.

Ал учурда Жазуучулар союзунун төрагасын шайлоо бир топ талаш-тартыштар менен коштолгон.

Мамлекет быйыл бирикменин бардык карызын кечип, ишмердүүлүгү үчүн 15 миллион сом бөлүп берген. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG