Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

22-апрель: Британ министри Кэмерон Бишкекке келди. Ош, Жалал-Абад облустарында сел жүрдү


Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон "Манас" эл аралык аба майданында, 22-апрель, 2024-жыл
Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон "Манас" эл аралык аба майданында, 22-апрель, 2024-жыл

22-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

  • Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Бишкекке келди

Дэвид Кэмерон визит учурунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ал "Азаттыкка" курган эксклюзивдүү маегинде "Кыргызстандын өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керектигин" белгиледи. Өлкө гидроресурстарга бай экенине басым жасаган министр климат өзгөрүп жаткан шартта экологиялык долбоорлорду колдоо зарыл экенин билдирди. Бул багытта Лондон орто жана чакан бизнести колдоочу инвестициялык фонд түзөрүн кошумчалады. Мындан сырткары Кэмерон Британиядан келген жеке инвестицияларга токтолуп, Бишкектеги стадионду курууга британ ишканалары катышып жатканын маалымдады. Былтыр 28-29-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Лондонго барып, отуздан ашык иш-чарага катышкан.

Дэвид Кэмерон "Азаттыкка" эксклюзивдүү интервью берип жатат, Бишкек, 22-апрель, 2024-жыл
Дэвид Кэмерон "Азаттыкка" эксклюзивдүү интервью берип жатат, Бишкек, 22-апрель, 2024-жыл
  • Ош, Жалал-Абад облустарында селдин кесепетин жоюу иштери уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында акыркы төрт күндө тынбай жааган жаандын кесепети оор болуп жатканын айтты. 20-21-апрелде нөшөрдөн улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында, Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ошто бир киши каза тапканы кабарланган. Селден улам Ош облусунда чукул кырдаал киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын, ал үчүн министрликтин жер-жерлердеги башкармалыктарынын кызматкерлери, куткаруучулар жана атайын техника иштеп жатканын маалымдады. Ошондой эле жергиликтүү тургундардан да ыктыярчылар тартылууда.

  • Жогорку Кеңештин депутаты Коргонбай уулу мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды

Бул маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) ырастап, бирок себебин билдирген жок. Жусупбек Коргонбай уулу буга чейин парламент жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жана анын жакындарынын мүлкү 2 млрд сомдон ашарын айтып, президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Министрдин мүлкүн, байлыгын текшерип, коррупциялык иштерге аралашканын иликтөөнү суранган. Жыйынтыгында депутаттык комиссия түзүлгөн. Министр Бейшеналиев депутаттын айткандарын четке кагып, сотко кайрылганын билдирген. 44 жаштагы ишкер Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 7-чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан мандат алган. Анын ысымы буга чейин көмүр кен чырында аталган.

  • УКМК издөөдө жүргөн ишкер Имамидин Ташов кармалганын кабарлады

Атайын кызмат «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп шектелип, издөөдө жүргөн ишкер Панфилов районунун Кайыңды айлында кармалганын кабарлады. Учурда тергөө жүрүп жатат. 10-январда УКМК "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.

  • АКШнын Сириядагы базаларына Ирак тараптан сокку урулду

Reuters агенттиги Ирактын коопсуздук күчтөрүндөгү эки башка булагына таянып 21-апрелде жазгандай, Ирактын Зуммар шаарынан кеминде беш ракета Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан АКШнын аскердик базасына урулду. Ушул эле күнү Ирактын өкмөт башчысы Мухаммед Шиа аль-Судани АКШдан кайткан. Ал Вашингтондо президент Жо Байден менен жолуккан. Маалыматка караганда, Ирактын коопсуздук күчтөрү кол салгандарды издөө иштерин баштады. 20-апрелдин таңында Ирактагы аскердик базада жардыруу болуп, коопсуздук күчтөрүнүн бир өкүлү мүрт кеткен. АКШнын расмий өкүлү окуяны “ишке ашпай калган ракеталык чабуул” деп атап, Америка башында турган коалициянын учагы ракеталарды жок кылганын билдирди.

  • Зеленский: Украинанын согушта жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү бар

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев майданга зарыл бардык курал-жаракты алса, украин армиясынын согушта жеңүү мүмкүнчүлүгү бардыгын айтты. Бул тууралуу ал америкалык NBC телеканалына курган маегинде билдирди. Анын алдында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Украинага 60 миллиард 800 миллион доллар жардам берүүнү жактырган. Зеленский учурда Украина алыска атуучу курал-жабдыкка жана абадан коргонуу системаларына муктаж экенин баса белгиледи. Ал Конгресстин чечиминен кийин Вашингтон украин армиясына курал-жабдыкты тезинен жөнөтөрүнө үмүттөнөрүн айтты. Киевге ири көлөмдө жардам бөлүүнү караган мыйзам долбоору эми Сенаттан өтүшү зарыл. Ал жакта биринчи добуш берүү 23-апрелге белгиленди.

  • "Новая газета Европа" Рамзан Кадыровдун саламаттыгы начарлаганын жазды

Маалыматка караганда, дарыгерлер Чеченстан жумуриятынын лидерине "уйку безинин некрозу" деген диагноз коюшкан. Кадыровдун ден соолугунда маселе бар экени расмий түрдө кабарлана элек. Буга чейинки маалыматтарды Грозный четке каккан. Басылма Кремль Кадыровдун ордуна “Ахмат” атайын аскер бөлүгүнүн башчысы Апти Алаудиновду тандаганын өз булактарына таянып жазган. 29 жашында карьерасын баштаган Алаудинов 2022-жылы Украинадагы согушка катышканы үчүн Орусиянын Баатыры наамын алган.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG