Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Кыргыз күрөшүнүн доору, легендага айланган балбандар


Жоламан Шаршенбеков үчүнчү жолу Азия чемпиону болгондон кийин машыктыруучусу Хаким Махмудов менен. Бишкек. 2024-жыл.
Жоламан Шаршенбеков үчүнчү жолу Азия чемпиону болгондон кийин машыктыруучусу Хаким Махмудов менен. Бишкек. 2024-жыл.

Азыр кыргыз күрөшүнүн кел-кели келип, алтын доору болуп турат. Кыргызстан быйыл өтө турган Париж Олимпиадасына 9 лицензия алса, анын сегизин балбандар бөктөрдү. Кыргыз күрөшүнүн алтын доору деген сөзгө мындан башка далилдин кереги жок.

Эки жумадан бери Бишкек дүйнөлүк күрөш сүйүүчүлөрдүн, мен-мен деген мыкты балбандардын көңүл чордонунда болду. 11-16-апрель күндөрү Азия чемпионаты өтүп, бул чөлкөмдөгү мыкты балбандар Бишкекке чогулду. Андан кийин эле 19-21-апрель күндөрү Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдеши өтүп, Олимп оюндарына мен барам деген спортчулар топтолду. Бул эки беделдүү мелдешти Азия чөлкөмүндө Кыргызстандан экономикасы 10 эсе өйдө өлкөлөр, спортчуларга бизден да мыкты шарт түзгөн мамлекеттер, миңдеген адамдарды батырган спорттук ареналары бар шаарлар өткөрөбүз дегенде эки көзү төрт болчу.

Бирок Бириккен күрөш дүйнөсү эмнеге Кыргызстанды тандап алды? Анткени дүйнөдөгү күрөш ышкыбоздору Кыргызстанга, бизден чыккан балбандарга кызыгат. Бизде күрөшкө жашы-карысы дебей жаны чыкканча күйөрмандык кылат, күрөштү кызытып жиберишет. Ошондуктан миңдеген адамдар сыя турган спорттук аренабыз жок муз аянтчасында мелдеш өткөрсөк да, Бириккен күрөш дүйнөсү үчүн Кыргызстандын баркы бийик. Эми ошол абройду ким алып келди? Легенда болгон Айсулуу, октой тез күрөшкөн Жоламан, дем-күчү башкача Акжол, спорттук мүнөзү курч Эрназарлар жыйнады.

Андан тышкары Кыргызстандын күрөш федерациясынын да салымын айтпаса болбойт. Бишкекте эки ири мелдештин өтүшүн алар башка мамлекеттерден кызыл чеке болуп талашып алса керек.

Эми балбандар тууралуу эки ооз сөз. Күрөш тууралуу кеп кылганда кантип Айсулуу Тыныбековадан баштабайсың. Турган турушу уламышта, эпосто айтылгыдай кызыбыз. Ал кыргызстандыктардын эле эмес, бүтүндөй күрөш дүйнөсүнүн сыймыгы. Жакында эле алтынчы жолу Азиянын чемпиону болду. Ага чейинки жолу да байсалдуу - Азия чемпионатына катышкан бир да мелдешинен медалсыз кайткан эмес. Бул чөлкөмдө кыз-эркек дебей бир да балбан Азияны алты жолу ута элек. Эми Париж Олимпиадасында ийгиликке жетет деп ишенебиз. Айсулууда баары бар. Бир гана колго ала элек мөөрөйү - Олимпиаданын медалы.

Мээрим Жуманазарова былтыр Дүйнө биринчилигинде ийнинен жаракат алгандан бери мелдештерге катышпай келди эле. Париж Олимпиадасына лицензия үчүн мелдешке сонун даярдык менен кайтып келип, жолдомо алды. Бул Мээрим үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болчу. Ошондуктан жылаңайлак күрөшсө да лицензия алышы зарыл эле. Болбосо Олимпиадага жолдомо ойнотула турган Түркиядагы акыркы турнирге 68 кг салмакта дагы бир кыргызстандык балбан кыз Нурзат Нуртаева бармак. Жылдыздуу кыз эми жаракат албай, Олимпиадага демдүү барсын.

Айпери Медет кызы болсо өтө сапаттуу күрөшөт. Сапаттуу дегеним, ал дайыма түркүн ыкмаларды жасайт. Атаандашынын артына өтүп эки балл алып, килемдин сыртына түртүп чыгып бир балл иштегенге кызыкпайт. Болгону Айпериге өзүнө окшогон, дайыма чабуул коюп турган атаандаш керек.

Желек боюнча калыс пикирин айтканы үчүн президенттин “оң колу” Каныбек Туманбев “душманга” чейин теңеп жиберген Жоламан Шаршенбеков быйыл 3-жолу Азиянын чемпиону болду. Ушул тапта Азияда ага тең келе турган балбан чыга элек. Ал бул мелдеште бир да атаандашын “сезип” койгон жок. Буга бардык беттеште атаандаштарына бир балл бербей өзү 41 балл топтогону далил. Спортчулар өз пикирин айтып, коомдук турмушка аралашып турганы жакшы. Ал үчүн бийлик аларды тилдеп, душман көрбөшү керек. Анын үстүнө кыргыз балбандарынын сүйлөсө оозунда сөзү бар, интеллекти күчтүү. Жоламан - мыкты балбан эле эмес, чыныгы намыстуу, ак жүрөк адам.

Акжол Махмудов быйыл катары менен эки чоң турнирде утулду. Ойдогудай табында эмес экени көрүнүп турат. Анын ар кандай себептери болсо керек. Акжол соңку эки утулушунан жыйынтык чыгарат. Акылдуу балбан эмеспи. Машыгуусун дагы катырып, Олимпиадага физикалык жана психологиялык жактан жакшы даярданып барса, алтын алганга мүмкүнчүлүгү чоң. Акжолдон биз жаңы бийиктиктерди, жеңиштерди күтөбүз. Ал дайыма жеңип келген. Буюрса бул жолу да бизди сүйүнтөт. Токтоо, салкын кандуу күрөшөт.

Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев Олимпиадага экинчи жолу лицензия алды. Мен Эрназарды кичинекейинен тааныйм. Кымындай кезинде Нарын шаарына айылдан келип машыкчу. Ошондо эле утулуп жатса көз жашын көлдөтө ыйлап атып, көздөгөнүнө жетээр эле. Спортто мындай мүнөз өтө маанилүү. 65 кг салмакта Олимпиадада аябай оор болот. Бул салмакта атаандаштык күч. Бирок Эрназар да оңой эмес. Анын үстүнө азыр Эрназар жакшы эле тажрыйба топтоду.

55 кг салмактан Бекзат Алмаз уулу быйыл биринчи жолу Олимпиадага барат. Бул салмакта Кыргызстанда атаандаштык абдан жогору. Жыл сайын Кыргызстандын биринчилигинде Алмаз Сманбеков экөө кыл чайнашкан таймашка чыгат. Жыл сайын Алмаз утуп кетет. Күрөш федерациясы бул жолу Бекзатка мүмкүнчүлүк берди. Ал аны текке кетирбей, лицензия утту.

Азыркы учурга карата Олимпиадага күрөштөн соңку жолдомону 67 кг салмактан грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов алды. Бишкекте ал кооз күрөштү. Күрөш күйөрмандарынын көзүнүн кумары кангыдай күрөштү. Спортту жакшы түшүнгөн бирөөнүн “Амантур кез келген балбанды утуп салышы мүмкүн, бирок кез келген балбандан утулуп да калышы мүмкүн” деп айтканы бар. Бул Амантур кандай күчтүү балбан болсо да утуп алат, ошол эле учурда алсыз атаандашына да уттуруп коюшу мүмкүн деген сөз. Амантур Олимпиадада кез келген балбанды утсун деп тилейм.

Эми Кыргызстанда күрөштү мындан ары да өнүктүрүш үчүн эмне кылыш керек? Өлкө ичиндеги атаандаштыкты күчөтүү зарыл. Бир салмакта жок дегенде 2-3төн күчтүү балбандар болсо, балдар өсөт. Акжолдун 77 кг салмагында андан кем калышпаган дагы эки балбан чыксын, Жоламан менен теңтайлаша турган жигиттер болсун, Айсулууга атаандаш болом деген кыздар суурулуп чыксын. Атаандаштык бар жерде дайыма өрүш болот. Быйыл 65 кг салмакта эркин күрөштөн төрт күчтүү балбан биринчилик үчүн күрөшүп, укмуш сонун күрөш көрсөттү. Бардык салмактарда ушундай болсо кана!

Ошентип, Кыргызстан эгемен тарыхында Олимпиаданын алтынын алууга бир кадам жакын турат. Аны сөз жок балбандар алып келет, буюрса. Ал үчүн мамлекет аларга каражатын убагында бөлүп, камкордугун көрсөтүшү керек. Балбандар болсо баш көтөрбөй машыкса эле ийгиликке жетишет.

Ушул тапта кыргыз күрөшүнүн алтын доору болуп жатат. Мындай учур дагы болобу же жокпу, Кудай билет. Жөнөкөй жаран, күрөш сүйүүчүсү, окуучу кезде бир жылдары спорттун ушул түрү менен машыккан адам катары мен ушул учурга ыраазымын. Балбандарыбыз жаракаттан, бөөдө кырсыктан алыс болсун!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG