Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Кыргызстандык төрт спортчу Парижге жолдомо утту

19-21-апрелде Бишкекте өткөн Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдештин акыркы күнүндө балбан Амантур Исмаилов лицензия утту. Мунун кыргыз спортчуларынын Париж олимпиадасына жол ачкан жолдомолордун саны 9га жетти. Бишкекте өтүп жаткан мелдеште эркин күрөшчүлөр Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова жолдо утушту.

Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андын тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан.


16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG