Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Косоводо жергиликтүү референдумга өтө аз шайлоочу катышты


Косоводо өлкөнүн түндүгүндөгү негизинен сербдер отурукташкан төрт муниципалитетте бүгүн 21-апрелде уюштурулган жергиликтүү референдумга шайлоочулардын катышуусу эң төмөн деңгээлде болгонун Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Катталган шайлоочулар 46 миң адам экени, саат 15ке карата алардын 203ү гана добуш бергени маалымдалды.

Былтыр аталган төрт (Түндүк Митровица, Звечан, Зубин-Поток жана Лепосовичи) муниципалитетте мэрликке этникалык албандар дайындалышына каршы нааразылык жаралган. Бүгүнкү референдумда аларды кызматтан алуу зарылбы деген маселе добушка коюлган.

Бойкотко карабастан жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри Элберт Красники добуш берүү "тынч жана жакшы" жүрүп жатканын айтып, Srpska Lista партиясын Косоводогу серб коомчулугу боюнча саясатты монополияга алгысы келүүдө деп айыптады.

2023-жылы апрелде бул аймакта жергиликтүү шайлоо өткөндө серб тургундар көпчүлүк добуш менен бойкот жарыялашкан. Батыштын басымынан кийин Косово бийлиги түндүк аймактагы шайлоону жокко чыгарган жана жаңы шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин былтыр сентябрда жарыялаган.

Бирок шайлоого чейин төрт мэрди иштен алуу маселеси боюнча референдум өткөрүү планына жергиликтүү Srpska Lista партиясы каршы чыгып, мэрлер өзүлөрү отставкага кетиши зарыл деген талап койгон.

Аталган партия Косово өкмөтү жергиликтүү сербдерди коркутуп-үркүтүп, басым жасап жатканын, андыктан референдум чыныгы көз карашты билүүгө жардам бере албай турганын айтып чыккан. Косово өкмөтү андай айыптоону четке каккан. Референдум Косовонун, Сербиянын жана эл аралык ортомчулардын Косовонун түндүгүндөгү тирешти жайгаруу боюнча келишимде каралбаганы да белгиленген.

2022-жылдын соңунда Косово өкмөтүнүн жергиликтүү сербдердин автомашиналарына косоволук номур тагуу чечими талаш жаратканда расмий кызматтагы, полициядагы жана жергиликтүү администрациялардагы сербдер ишин таштаган. Төрт мэр боюнча маселе ошондо курчуган.

Белград менен Приштина кырдаалды жөнгө салуу сүйлөшүүлөрүн көптөгөн жылдардан бери жүргүзүп келе жатышат, бирок Косовонун түндүгүндөгү сербдер менен косоволук полициянын ортосунда түрдүү чыр-чатактар катталып келет.

Косовонын калган аймагында кезктеги жергиликтүү шайлоо 2025-жылга дайындалган.

Жакында Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (PACE) Косовону Еврокеңешке мүчөлүккө чакырууну сунуш кылган чечим кабыл алган.

Косовонун Европа Кеңешине мүчө болушуна Сербия караманча каршы болуп келет, бул өлкөнүн президенти Александр Вучич эгер ошондой чечим кабыл алына турган болсо Еврокеңештен Сербия чыгарын айтууда.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия да тааныбай келет.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайызга жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.

(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG