Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Газада Израилдин соккусунан дагы 13 киши каза болгону маалымдалды


Газа сектору.
Газа сектору.

Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарында Израилдин соңку чабуулунан бир учурда кеминде 13 кишинин өмүрү кыйылганын бүгүн 21-апрелде The Associated Press агенттиги анклавдын ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесине таянып билдирди. Мерт кеткендердин тогузу балдар экени кабарланды.

Газанын 2,3 миллион калкынын жарымынан көбү Израилдин соккуларынан качып барып, баш калкалап турган, Египет менен чектеш тилкеде жайгашкан Рафах шаары дээрлик күн сайын чабуулдарга кабылып келе жатат.

Израил Газадагы операциясын былтыр октябрда ХАМАС кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 250гө жакын кишини барымтага алып кеткенде баштаган.

Согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандар 34 миңден ашканын жергиликтүү саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө, курмандыктар 32 миңден ашуун экенин апрелдин ортосунда БУУ да тастыктаган.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

ХАМАС Газаны аткылоону токтотууну, Израил барымтадагыларды бошотууну талап кылып жатышат.

20-апрелде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында Израилге 26 миллиард долларлык жардам тууралуу мыйзам долбоору колдоо тапты, анын 9 миллиардын Газага гуманитардык жардамга бөлүү каралууда.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG