Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Хаменеи Израилге каршы чабуул үчүн аскерлерге ыраазычылыгын айтты


Аятолла Али Хаменеи. 2024-жылдын 21-апрели.
Аятолла Али Хаменеи. 2024-жылдын 21-апрели.

Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө бир апта мурда Израилге каршы жасалган чабуулу үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул багытта жаңы аскердик ыкмаларды колдонууга жана Израилдин тактикасын изилдөөгө чакырды. Бул тууралуу Reuters агенттиги 21-апрелде билдирди.

Аятолла Ирандын аскер башчылары менен жолукканы, канча ракета учурулуп, анын канчасы бутага жеткени эмес, өлкө өзүнүн күчүн көрсөтө алганы алда канча маанилүү экенин айтканы маалымдалды.

Ирандын расмий бийлик өкүлү чабуулдарды улантуу тууралуу билдирүү жасабаганын байкоочулар расмий Тегерандын кырдаалдын курчушуна жол бербөө аракети катары баалашты.

1-апрелде Сириянын борбору Дамаск шаарында Ирандын элчилигине коюлган авиа чабуулдан бир нече киши, алардын ичинен Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» эки генералы өлтүрүлгөн. Бул үчүн Иран Израилди айыптаган.

14-апрелге караган түнү Иран Израилге каршы жапырт чабуул жасаган. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматына караганда, 170 учкучсуз учак, 120дан ашуун баллистикалык ракета, 30дай канаттуу ракета колдонулган, бирок Израил өзү жана союздаштары ошонун 99%, анын көбүн өлкөдөн тыш аймактан атып түшүрүүгө үлгүргөн.

19-апрелде Ирандын өзөктүк инфраструктура жана аскердик база жайгашкан Исфахан шаарынын аймагында чакан үч дрон кармалганын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришкен. Бир катар эл аралык маалымат агенттиктери дрондорду Израил учурганын АКШ бийлигиндеги булактарына таянып жазып чыгышкан. Бирок Иран Израилди айыптаган эмес. Израил өзү эч кандай расмий маалымат берген эмес. 19-апрелде мечитте сүйлөп жатып Иран президенти Эбрахим Раиси да Исфахандагы окуя тууралуу эч нерсе деген эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG