Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Казакстан менен Орусиянын сел каптаган аймактарында абал дале кооптуу экени кабарланды


Казакстан. Суу каптаган аймак.
Казакстан. Суу каптаган аймак.

Казакстан менен Орусиянын чектеш тилкесиндеги сел каптаган аймактарында абал оор бойдон калууда. Батыш Казакстан облусунда 21-апрелде Урал дарыясында суунун деңгээли кечээги күнгө салыштырганда дагы 24 сантиметр жогорулап, 8,52 метрге жеткенин, Уральск шаарында бул көрсөткүч кооптуу чектен 2 сантиметр жогору экенин «Азаттыктын» казак кызматы жазды.

Дарыянын жээгиндеги айрым кыштактарда үй-короолорду суу каптаганын, буга алдын алуу иштерин акимчилик убагында жүргүзбөгөнү себеп экенин журналисттерге жергиликтүү тургунар айтып беришти.

Журналисттерге суу каптаган аймактарда иштөөгө, видеого тартууга тыюу салынууда. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аталган облус боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Карабалаев мындай чара алардын коопсуздугун камсыздоо максатында көрүлүп жатканын билдирди.

26-марттан бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. 118 миңдей киши эвакуацияланды, 7 миңге жакын үйдү суу каптады.

Дарыялар ташкындап, суу кирген аймактарда каза болгондор жети киши экенин 18-апрелде өлкөнүн ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев тастыктаган.

Орусияда сел жалпысынан 16 миңдей үйдү каптады, 80ден ашуун көпүрө талкаланды, 12 миңдей киши эвакуацияланды. Эң көп жабыркаган аймак Оренбург облусу болууда.

Тюмен облусунда Ишим дарыясында суунун деңгээли кооптуу чектен 60 сантиметр жогорулап, 9 метрден ашты.

Курган облусунда Тобол дарыясында суунун деңгэээли 10 метрден ашып турат, 37 калктуу пунктта миңдеген үйдү суу каптады, жергиликтүү бийлик элди тез арада эвакуация болууга чакырууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG