Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Украина Одесса жана Донецк облустары чабуулга кабылганын билдирди


Украина. Одесса.
Украина. Одесса.

Украинада бүгүн 21-апрелде Одесса жана Донецк облустарынын аймагы Орусиянын чабуулуна кабылганын, бир кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди.

Донецк облустук прокуратурасынын маалыматына караганда, жекшемби күнү эртең менен орус аскерлери Украинск шаарын жапырт аткылоочу «Смерч» реактивдүу системасы менен аткылашты, 82 жаштагы аял каза болду, 21-53 жаштагы төрт эркек жараат алды, он чакты үй талкаланды.

Одесса облусу 21-апрелге караган түнү баллистикалык ракеткалык чабуулга кабылганы, жарылуу болуп, үйлөр кыйраганда төрт адам жараат алганы кабарланды.

Кечээтен бери фронт тилкесинде 115 жерде кагылышуу болгону, Орусия Украинанын Авдеевка, Бахмут жана Новопавловка багытында чабуулдарын күчөткөнү маалымдалды.

Эки жыл мурда Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылган Украина биринчи жылы Батыштагы союздаштарынан, негизинен АКШдан алган курал-жарак менен согушуп келди, бирок соңку бир жылда мындай жардам дээрлик токтогону, талдоочулардын айтымында, Орусияга үстөмдүгүн кайра бекемдеп алууга мүмкүнчүлүк берди.

Украина жана анын союздаштары АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында 20-апрелде дээрлик 61 миллиард долларлык жардам тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынганын кубаттап жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG