Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Бангиде кайык оодарылып, кеминде 50 адам каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-апрелде Борбордук Африка Республикасынын башкалаасы Банги шаарына жакын Мпоко дарыясында кайык оодарылып, бери дегенде 50 киши каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Жарандык коргонуунун башчысы Томас Жимас Reuters агенттигине куткаруучулар 50гө жакын кишинин сөөгүн алып чыгышканын, сууга чөгүп кеткендерди издөө иштери улантылып жатканын кабарлаган.

Айрым эл аралык маалымат каражаттары адам курмандыктарынын саны 60ка жеткенин жазышууда.

Кайыктагы 300дөй адам тажыяга баратканы (арасында балдар, аялдар бар), кырсыктан кийин алардын көбү суудан сүзүп чыкканга үлгүргөнү айтылууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG