Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешти таркатууга негиз жок экенин айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышын толук таркатып жибергенге негиз жок экенин айтты.

Бул тууралуу ал Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча парламенттин депутаттыгына өтүп жаткан мөөнөтүнөн мурда шайлоо тууралуу sayasat.kg сайтына берген кыска маегинде айтты. Ал бийлик бул шайлоодо бир да талапкерди колдобой турганын, алар таза атаандаштыкта шайланып келиши керектигин билдирип, VII чакырылыштын депутаттары тууралуу да суроого жооп берген:

“Жалпы парламенттин атына көө сүйкөп келе жаткан депутаттардын тобу бар болчу. Шайлоого көп каражат керек. Ошону уурулар, коррупционерлерден алып, элге тоодой убада берип, депутат болушкан. Бүгүн андай адамдардан парламентти “тазалап” бүтүп калдык. Толук таркатып салууга негиз жок. Себеби, элдин чыныгы колдоосу менен келген таза депутаттар да бар. Мурда терс иштерге шектелген адамдар менен бир чакырылышта отуруп калышканына алардын күнөөсү жок да. Парламент толук таза болушу үчүн акчага, кооз убадага алданып добуш бергенди токтотуш керек. Эл алданбай, акты актай, караны карадай ажыратып, туура тандоо жүргүзсө парламент да таза болот”, - деген ал.

№2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында 28-апрелде шайлоо өтөт. Ушул күндөрү үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

15-февралда Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында абакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар депутаттар Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече видео жарыяланган.

Бул материалдардан кийин, 22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган. Айбек Осмонов болсо 13-мартта өзү жазган арыздын негизинде мандатынан кол жууган.

Бишкектин административдик соту 1-мартта Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, депутаттык мандат бул округда өткөн шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет. Бул чечимди Бишкек шаардык соту апрель айында күчүндө калтырды.

2021-жылы ишин баштаган парламенттин VII чакырылышы 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланып келген.

Коомчулукта “Жогорку Кеңештин депутаттары маанилүү маселелерде позициясын билдирбейт, президенттик администрациянын нотариалдык органы болуп калды” деген сын-доомат көп айтылат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG