Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Аба ырайы: тоолуу райондордо сел жүрөт


Алай районунда болгон селдин кесепети.
Алай районунда болгон селдин кесепети.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 21-23-апрель күндөрү туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

22-апрелде Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,

Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 23…25° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG