Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Алай районунда сел 34 үйдүн короосун каптады


Алай районунда болгон селдин кесепети.
Алай районунда болгон селдин кесепети.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 20-апрелде Оштун төрт районунда болгон селдин кесепети жана аны жоюу иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Алай районунун Тилектеш айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында мөндүрдүн кесепетинен беш кокту-колоттон сел жүрүп, 34 үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен беш турак жайдын жана мектептин жертөлөсүнө суу кирген. Мындан сырткары, ички чарбалык атоунаа жолдун беш жерин сел каптаган, ушул тапта жол ачык. Ал эми сел түшкөн коктулардагы ички көчөлөр жабык.

Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолунун 18-20-41-чакырымдарынын Таш-Кыя тилкесинде сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылган. Тазалоо иштерине №26 жол тейлөө ишканасынан үч техника тартылып, жолдун бир бир тарабы ачылган. Ушул автоунаа жолунан сел бир автоунааны агызып, анын айдоочусу каза болгон.

20-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG