Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Беларуста ири ишканага кибер чабуул жасаган топ саясий туткундарды бошотууну талап кылууда


"Гродно Азот" ишканасы. Архивдик сүрөт.
"Гродно Азот" ишканасы. Архивдик сүрөт.

Беларуста оппозициялык «Киберпартизандар» тобу ири «Гродно Азот» мамлекеттик химиялык ишканасынын компьютерлерин жана коопсуздук системасын бузуп кирип, 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларында камакка алынган жумушчуларды бошотууну талап кылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» белорус кызматы 18-апрелде жазды.

Топ масштабдуу киберчабуулду ишке ашырганын, «Гродно Азот» заводунун ички электрондук почтасындагы бардык кат алышууларды, видео көзөмөл камераларынын тасмаларын, электрондук документтерди азыркы тапта өзү көзөмөлдөп кармап турганын, расмий сайтынын иши да бөгөттөлгөнүн билдирди.

«Маалыматтын баарын кайра калыбына келтириш үчүн диктатор «Гродно Азоттун» бардык саясий туткундарын жана камакта ден соолугу бузулган 75 саясий туткунду да бошотушу керек», - деп айтылды топтун билдирүүсүндө.

Ишкананын сайты 17-апрелден бери ачылбай жатат. Заводдун айрым жумушчулары бир күн мурда «чоң дүрбөлөң» болгонун айтып беришти.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген кишилер кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG