Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Польшада Навальныйдын шакирти Волковго кол салууга шектүүлөр кармалды


Леонид Волков.
Леонид Волков.

Польшада маркум Алексей Навальныйдын шакирти, жардамчысы Леонид Волковго кол салууга шектелип эки киши кармалганын бүгүн 19-апрелде Литванын президенти Гитанас Науседа билдирди.

Ал Польшага "мыкты аткарылган иш" үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул өлкөнүн президенти Анжей Дуда менен сүйлөшкөнүн, шектүүлөр тийиштүү процедуралар аяктагандан кийин Литва бийлигине өткөрүлүп берилерин айтты.

Науседа кармалгандар ким экенин тактап айткан жок. Буга чейин айрым маалымат булактары алардын артында Орусия бийлиги турарын жазып чыгышкан.

Быйыл 16-февралда орус түрмөсүндө белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Навальный негиздеген Коррупцияга каршы фонддун жетекчилеринин бири Леонид Волков Литванын борбору Вильнюс шаарында жашайт. 12-мартта ал колуна көздөн жаш агызуучу газ жана балка алган белгисиз бирөөнүн кол салуусуна кабылып, колу сынган. Бул окуя үчүн Волков орус бийлигин жана жеке президент Владимир Путинди айыптаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG