Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Милиция Акжолтой Тукуновдун кармалышы боюнча маалымат берди


Акжолтой Тукунов. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тараткан сүрөт.
Акжолтой Тукунов. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тараткан сүрөт.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукуновдун кармалышы боюнча комментарий берди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып тагылып жатат. Милиция социалдык тармактарга жана интернет-ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда ал Фейсбукта коомчулукту массалык баш аламандыкка чакырып, чагымчыл маанайдагы материалдарды таркатып жатканы аныкталганын билдирди.

“Экспертизанын корутундусуна ылайык, таратылган материалдарда массалык нааразылык акцияларына, баш аламандыкка жана бийликти алмаштырууга чакырган белгилер бар”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факты Чүйдүн Аламүдүн райондук милициясына катталып, кылмыш иши козголгон.

Акжолтой Тукуновдун иниси Аманат Тукунов агасын Чүйдүн Аламүдүн райондук милициясы 17-апрелде кармаганын кабарлаган.

Акжолтой Тукуновдун адвокаты Умар Молдобеков “Азаттыкка” анын коргоосундагы адамга биринчи Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен иш ачылып, кийин “Массалык баш аламандыктар” беренесине алмаштырылганын айткан.

Акжолтой Тукунов 2022-2023-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал Фейсбуктагы баракчасында коомдо талкуу жараткан ар кандай постторду жарыялап келаткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG