Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясына президент болду


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Рамис Жунушалиев Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти. Бул тууралуу федерациянын 19-апрелдеги жыйынында белгилүү болду. Федерациянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Жунушалиевдин алты айда жасаган иштери тууралуу маалымат берүү, федерациянын расмий сайтынын ачылышы жана ар кандай маселелер каралды.

Жунусалиев жарым жыл ичинде көптөгөн жумуштар жасалганын, бирок мындан да маанилүү маселелер бар экенине токтолгон.

“Жунусалиев көчмө телестудия федерациянын балансында болушу керектигин, бул федерацияга каржы булагы болорун айтты. Мындан тышкары Военно-Антоновка айыл өкмөтү Көк бөрү федерациясына 25 гектар жер чыгарып берген. Ошонун чечимдерин тездетүү зарыл экенин белгиледи. Ушул эле айыл өкмөттө мамлекет куруп жаткан ат майдандын курулушун тездетүү зарыл. Себеби федерация азыр шаардан сыртта калды. Аккула ат майданы жабылып калды, жаңы салынып жаткан ипподромдо оюн өткөрүү мүмкүн болбой жатат”, - деди федерациянын басма сөз кызматы.

Ушул маселелерди чечүүгө бийликтен түз жардам керек болуп жатканын белгилеп, Жунусалиев федерацияны жетектөөнү Курманкул Зулушевге сунуштаган. Жыйында көпчүлүктүн добушу менен Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды.

Ал федерациянын ишинде өзгөрүүлөр болорун, вице-президенттердин саны экиден бешке көбөйө турганын, биринчи вице-президент болуп Рамис Жунушалиев дайындаларын белгилеген.

Зулушев торпок жана аламан улак оюндарын, Чүй облусунда ойнолгон жер, талпак улактарын да Көк бөрү федерациясына камтуу боюнча иштер жүрө турганын, бул багытта федерацияда бир вице-президент жооптуу болорун кошумчалады.

Жунушалиев былтыр 17-октябрда федерациянын президенти болуп шайланган.

Баш прокурор Курманкул Зулушев болсо былтыр 13-августтан бери эл аралык Көк бөрү федерациясын жетектеп келген. Ал мындан ары эки федерацияга тең президент боло турган болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG